Бишкекте №1 тергөө абагынан коронавирус чыкты

Бишкектеги №1 тергөө абагында бир кызматкердин анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Үсөнбаев «Азыр эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Тегерегинде лабораториялык дагы изилдөөлөр бар. Жыйынтыгы менен маалымат болот» деди.
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) 7-майда билдирүү таратып, жабык жайларда коронавирус илдетине чалдыккан адам катталбаганын билдирген.
Мекеменин басма сөз кызматы буга чейин айрым басылмаларга Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганы тууралуу жазылган маалыматты четке каккан.
Кыргызстандык бир катар укук коргоочулар жана юристтер бийликке кайрылып, абактарда коронавирус жайылса кесепети оор болоорун эскертишкен.
Abal.kg