Саясат

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды, согуштун ардагерлерин, ооруктун эмгекчилерин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Куттуктоосун президенттин маалымат кызматы жарыялады.

Мамлекет башчы Улуу Ата Мекендик согуштун жылдары алыстаган сайын жеңиштин мааниси, баасы, баркы мурдагыдан да даана көрүнүп жатканын баса белгилеген.

«9-май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн. Согуш апааты Кыргызстандагы бир дагы үй-бүлөнү кыйгап өткөн эмес. Ар бир төртүнчү эр азамат согушка аттанган. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилеп жатып, согуш талаасында курман болгондордун элесине башыбызды ийип, таазим этебиз. Жеңиш күнүн жакындатып, фронттогу зарылдыкты камсыз кылып турган энелерибиздин, ошол кездеги бели ката элек балдардын, оорукта күнү-түнү иштегендердин эмгегине, кайратына терең ыраазычылык билдиребиз. Келечек муундун эркин жашоосу үчүн аталар канын төгүп, өмүрүн, ден соолугун курмандыкка чалган. Ошондуктан Жеңиш күнүнүн бийик маанисин коргоого, Улуу Ата Мекендик согуштун сабактарын унутпоого милдеттүүбүз», — деп жазылган куттуктоодо.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button