Чоң Казат кыймылынын артында эмне сыр бар? Алдамчылыкпы же популисттикпи

«Чон Казат» деген кыймыл тууралуу бүгүн укпаган кыргыз баласы жок эсе. Бирок мына ушул кыймылдын артында кимдер турат, чын эле патриот жарандарбы же эл бузарларбы?-деген суроо туулбай койбойт. Аталган кыймылдын Кыргызстандын байларын талап-тоноо керектиги тууралуу чакырыктарын эл колдогон жок. Албетте, эки ыңкылапты башынан өткөрүп, мородёрлук деген эмне экендигин түшүнүп калган карапайым эл мындай жосунга бармак эмес.
Кыргызстандын белгилүү политологдору «чоң казатчылардын» бул өңдүү урааны мыйзамсыз экендигин, керек болсо ал коомдогу баш аламандыкты жаратаарын белгилешүүдө. Бул багытта мурдагы УКМК башчысынын орун басары Артур Медетбеков vesti.kg гезитине берген маегинде өз оюн ачык-айкын билдирген. Анын оюу боюнча мындай агрессивдүү чакырыктарды эл эч качан колдобойт.
– Эгерде кимдир бирөө бүгүнкү аткаминерлер же саясатчылар өз мүлкүн мыйзамсыз түрдө тапкан деп эсептесе, анда ал өзү мыйзамдуу жолго түшүүсү керек, башкача айтканда, элди мыйзамсыз жолго түртпөй, сот органдарына кайрылып, кайсы бир аткаминердин байлыгын текшерип берүү тууралуу арыз жазуусу абзел. Ушул сыяктуу эле бул өңдүү мыйзамсыз чакырыктарды дагы иликтөө керек. Себеби, эл ичинде: «Эмне үчүн акыйкатыкка чакырып жатышкан чоң казатчылардын өздөрү акыйкатсыз жолго барууга даяр экендиги» тууралуу бүдөмүк ойлор жаралууда. Балким, бул кыймылдын өкүлдөрүнүн өздөрү «кой терисин жамынган карышкырлар» болуп жүрбөсүн?!
Аталган кыймылга жакын булактардын бири менен болгон маекте кайсы бир колунда бар саясатчыны ММКлар жана соцтармактар боюнча кодулоо аракеттери «чоң казатчылардын» негизги ыкмасы болуп саналат. Мындан сырткары, бул өңдүү чакырыктар аларга саясий упай алып келүүдө. Натыйжада, колунда бар адам акчасын көтөрүп алып буларга келет же реакция кылбайт. Аталган булактын айтуусу боюнча булардын биринчиси, башкача айтканда акчасы менен келгендер көптүк кылат.
Кызыгы, жогорудагыдай чакырыктарды жарыялап, элдин назарын буруп алышкандан кийин «чоң казатчылардын» жок, биз мындай деген эмеспиз, биз жөн гана комиссия түзүү керектиги тууралуу айтканбыз, кимдир бирөөлөр бизге көө жаап жатышат дегендерине жол болсун. Кыскасы, чет өлкөлөрдө калган бардык мигранттарды өлкөгө кайтарып алып келүү тууралуу убада беришкендиктери бул кыймылдын артында кимдир бирөөлөр эмес, жөн гана алдамчылар, көз боочулар отургандыгынан кабар берет. Анан калса, булардын сөзүнө ишенип, жолго чыгышып россия менен казак чек арасында талаада калган мигранттарбыз дагы бар экендиги өкүндүрөт.
Албетте, Кыргызстан аларды кароосуз таштаган жок, турак жай жана тамак-аш менен камсыз кылды. Биздин оюбузча «чоң казатчылардын» бул жолку чакырыктары дагы дал ушундай эле сценарий менен аяктайт.
Abal.kg