Белоруссияда Covid-19 бейтаптары 26 миңге жетти. Лукашенконун кепилдиги жардам берген жок

Республиканын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 13–майга карата өлкөдө Covid-19 жуктурган 25 825 учур катталды. Акыркы эле бир суткада мурдагыларга дагы 952 жаңы бейтап кошулду. Дартка чалдыккан 146 киши көз жумду, 7711и айыгып чыкты. Бул туурасында 14-майда EurAsia Daily билдирди.
Эске сала кетсек, 14-апрелде Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өлкөдө коронавирус менен эч ким оорубайт, эч ким көз жумбайт, мен кепилдик берем деген. Карантин киргизген эмес. Тилеккке каршы илдет президенттин кепилдигине караган жок.
Оорулардын санынын кескин өсө башташы Пасхадан кийин башталды. Ошондой эле 9-майда Лукашенко Минскиде, көп элдин катышуусу менен Жеңиш парадын өткөргөн. Ушундан кийин Европа менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Белоруссияда массалык илдетке чалдыгуу башталып кетиши мүмкүн дешип, кооптонушууда.
Abal.kg