Дүйнө

Европада рекорддук ысык байкалууда

Батыш Европанын бир катар өлкөлөрүндө катуу ысыкка байланыштуу кызыл деңгээлдеги кооптуулук жарыяланды. Euronews басылмасынын маалыматына ылайык, континентте абанын температурасы 40 °Cден ашып, рекорддук ысык байкалууда.

Мектептер жабылып, алкоголдук ичимдиктерге чектөөлөр киргизилип, поезд каттамдары токтотулууда. Күчөп жаткан ысык күнүмдүк жашоону дээрлик шал абалга келтирди.

Франция эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири болууда. Дүйшөмбү күнү өлкөдө тарыхтагы эң ысык үчүнчү күн катталып, орточо температура 29,2 °Cге жетти.

Франциянын метеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, өлкө аймагынын 20 пайызында температура 40 °Cден ашты. Өзгөчө ысык аба ырайы кеминде бейшембиге чейин сакталат деп күтүлүүдө. Акыркы эки күндө Францияда катуу ысыктын кесепетинен 18 адам каза болду.

Париж шаарында адамдар салкындашы үчүн парк жана бакчалар сутка бою ачык болот. Шаршемби күндөн тартып Сен-Мартен каналында сууга түшүүгө да уруксат берилет.

Испанияда да жекшембиден шаршембиге чейин ысык толкуну боюнча эскертүү жарыяланды.

Өлкөнүн метеорологиялык агенттиги билдиргендей, Сахара чөлүнөн келген ысык аба массалары жана күндүн күчтүү нурларынын таасиринен айрым аймактарда температура бүгүн 44 °Cге чейин жетиши мүмкүн.

Улуу Британиянын метеорология кызматы Англиянын түштүк жана борбордук бөлүктөрү менен Уэльсте шаршемби жана бейшемби күндөрү экстремалдуу ысык боюнча кызыл деңгээлдеги эскертүү жарыялады.

Айрым райондордо температура 38–40 °Cге чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, жогорку нымдуулук адамдардын ден соолугуна терс таасир тийгизип, электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана мобилдик байланыш кызматтарында үзгүлтүктөр жаралышы мүмкүн экени айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button