Москвадан Бишкекке кете турган кийинки рейске бир да эркек жаран отургузулбайт. Күтө тургула

Бул боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчисинин кеңешчиси Тимур Саралаев Фейсбук баракчасына жазды:
“Кыргызда кыздын чачы улук демекчи, Москвадан Бишкеке боло турган рейске бир да ЭРКЕК жаран отургузулбайт. Бул чечим учурдун талабы, буга биринчиден карапайым мигранттар макул жана коомдук уюмдар каршы эмес. Бүгүн, Элчиликтин алдына келген эл Элчинин ушул сунушун колдошту. Эмки рейске 5 айдан жогору кош бойлуу айымдар жана 2 жашка чейинки жаш баласы барлар гана уча алат. Калган бойдок кыздар, 2 жаштан чоңураак балдары бар эже-карындаштар да кете албайт. Калгандар туруп тургула. Жумушчу топтун ишинин координациясы мага жүктөлдү. Кетет элек, кирет элек, ооруп жатты эле, “срочный” ж.б.ж.у.с., сөздөр болсо, капа болбогула, күтүп тургула кийинки рейстерди»- деп жазды Тимур Саралаев.
Abal.kg