Коом

№27 колонияда коронавируска чалдыккан кызматкерлердин саны көбөйүүдө

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда иштеген дагы үч кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу 20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал буга чейин ушул эле колонияда төрт кызматкерден вирус табылганын, жаңы катталган үчөө ошолор боюнча жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында табылганын айтты:

“Бүгүнкү күндө дагы үчөөнөн табылды. Баары тең лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн болчу, ошондуктан жаңылары аныкталды. Атайын дарылоого алынды. Тегерегиндеги контактта болгондор боюнча эпидемияга каршы иш жүргүзүлүп жатат”.

Буга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында иштеген бир кызматкерден коронавирус чыккан, аны менен контактта болгондордун саны 13 адам экени айтылган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button