Сентябрдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы жогорулатылат

2026-жылдын 1-сентябрынан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди.
Анын айтымында, иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн төлөнүүчү кошумча акы кызматтык маянанын 50 пайызына чейин көбөйтүлөт.
Мындан тышкары, кызматкерлерге ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, 2022-жылдан бери мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы орточо эсеп менен 110 пайызга, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153 пайызга өскөн.
Өкмөт башчысы ошондой эле Менин үйүм мамлекеттик турак жай программасын эске салып, анын алкагында миңдеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер турак жай шарттарын жакшыртууга жетишкенин айтты.



