Коом
24-июнга карата аба ырайы

Шаршембиде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүйдө 27…32,
Талас облусунда 25…30,
Ысык-Көл жеринде 23…28,
Нарын өрөөнүндө 19…24,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 30…35 градус ысык болот.
Абанын табы Бишкекте 30…32 градуска жетет.



