Саясат

УКМК: Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы жакшы, дарыланууга муктаж эмес

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев медициналык кароого жана дарыланууга муктаж эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мурунку президент күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө турат жана саламаттыгы жакшы.

22-майда Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев атасынын саламаттыгы начарлап жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен жолугушуу учурунда өзүн жаман сезген. «Атама моралдык басым көрсөтүлүп жатат, бирок ал өзү даттангысы келген жок, бул анын принциптерине каршы келет» деп жазган Сейитбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап жатканын анын адвокаттары да белгилешкен.

Бирок, дарыгерлер мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгын текшерип, анын дарыланууга муктаж эмес экендигин белгилешти.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев баштаган бир топ адам 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Башкы прокуратура анын офицерди өлтүрүүгө тиешеси бар экени аныкталганын 19-майда билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button