УКМКнын Академиясында диний кырдаал маселелери боюнча илимий-практикалык конференция өттү

УКМКнын Академиясында Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы диний кырдаал маселелери боюнча илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

2026-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Академиясында «Кыргыз Республикасындагы жана жалпы Борбордук Азия аймагындагы диний кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы абалдын Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалга тийгизген таасири, тенденциялар жана божомолдор» деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.


Конференцияга алдыңкы илимий жана билим берүү мекемелеринин, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү диний кырдаалга байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.

Конференциянын жүрүшүндө диний коопсуздук маселелерине, жаштар арасында экстремизмдин алдын алууга, санариптик чөйрөнүн коомдук жана диний көз караштардын калыптанышына тийгизген таасирине жана диний агартууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле Жакынкы Чыгышта уланып жаткан процесстерге байланыштуу тобокелдиктер жана алардын Борбордук Азия өлкөлөрүнө тийгизиши мүмкүн болгон таасири талкууланып, баа берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар илимий жана практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, изилдөө жана билим берүү демилгелерин мындан ары өнүктүрүү, диний процесстерге мониторинг жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү, мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана эксперттик кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.
Ошондой эле катышуучулар Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азия аймагындагы диний кырдаал маселелерине арналган илимий-практикалык конференцияларды жана эксперттик талкуу аянтчаларын туруктуу негизде өткөрүп туруу демилгесин колдошту.
Конференция иштиктүү жана конструктивдүү маанайда өттү.



