Коом

Сариев: ШКУ 10 өлкөнү бириктирген эң чоң интеграциялык уюм

ШКУ — Россия, Кытай, Индия жана Иран сыяктуу ири мамлекеттерди камтыган, 10 өлкөнү бириктирген эң чоң интеграциялык уюм. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев билдирди.

Ал бүгүн, 24-июнда, Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Ишкерлер кеңешинин 27-жыйынына катышууда.

Сариев быйылкы жыйын уюмдун 25 жылдык мааракесине туш келгени менен өзгөчөлөнөт.

«Азыркы заманда башкалар менен жалгыз атаандашуу абдан кыйын. Ал эми ушундай чоң союзга бириккенде чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Дүйнөнүн көңүлү Азияга, Түштүк-Чыгыш Азияга ооп жаткан чакта, бул жыйын биздин ишкерлер үчүн жаңы эшиктерди ачат», — деди Сариев.

Палата жетекчиси кыргыз компаниялары үчүн эң негизги үч багытты атап өттү:

Логистика: Кыргызстан транспорттук туңгуюктан чыгып, «жылуу деңиздерге» жол табышы керек. Бул багытта жакында курулушу баштала турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу транзитти бир нече эсе арзандатып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Жашыл энергетика жана санариптештирүү: дүйнөдө өндүрүлгөн энергиянын 30-40 пайызы жасалма интеллектиге жана санариптештирүүгө жумшалууда. Бул жаатта президенттин акыркы жарлыгы менен технологиялык багыттарга жеңилдиктер берилгени Кыргызстандын трендде болуусуна шарт түзөт.

Экологиялык таза азык-түлүк: бүгүнкү күндө ШКУ аймагында таза тамак-ашка болгон талап чоң жана аларды сата турган кенен базар бар.

Ошондой эле Темир Сариев бүгүн түштөн кийин чоң инвестициялык форум өтөрүн, анда атайын B2B (би-ту-би) жолугушуулары уюштурулуп, Кыргызстандын чакан жана орто бизнеси өздөрүнө жаңы өнөктөштөрдү таба аларын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button