Коом

Өнүккөн Гонконгдогу кытайлардын өтө жакыр жашоосу (видео)

Гонконг Кытайдагы эң өнүккөн провинция деп эсептелинет. Ал  1997-жылга чейин Англиянын кол алдында өнүккөн. Ал провинцияга кытайлыктар өздөрү да кире алышпайт, атайын виза менен киришет.

Бирок, көпчүлүктү суктандырып, тамшандырган Гонконгдун көп кабаттуу, асман тиреген үйлөрүндө жашаган айрым адамдардын чыныгы жашоосун бул видеодо көрсөтүптүр.

Гонконгдун жашоочусу Чжау Пфэй  тактайдын үстүндө жатат. Себеби жашаган бөлмөсү ушунчалык кичинекей, кыргыздар айтмакчы көчүк айланбайт. 11 чарчы метрдеги  кичинекей бир бөлмөдө ашканасы, дааратканасы, уктоочу жери, айтор баары бир бөлмөдө жайгашан. Ал жашаган бөлмөнүн баасы Гонконгдо 250 миң доллар турат! 67 жаштагы бул киши пенсия алат, бирок ал эч нерсеге жетпейт, ошондуктан керээлди-кечке иштейт, эки күн дем алышта эс албай, таштанды ташыйт. Анткени ошол жашаган жердин коммуналдык кызматына төлөгөнгө мүмкүн эмес. Бир күндө тапканы ашып кетсе 30 гонконг доллары. Ал эч нерсеге жетпейт, мен өлөөр өлгөнчө жашоо үчүн иштешим керек деп ыйлайт.

Ата-энеси, карындашы менен  өмүр бою ошол 11 чарчы метрлик үйдө жашашкан. Жашоодо кыйналганынан өз өмүрүнө кол салгысы келгенин да айтат, бирок карындашымды ойлодум дейт. Эгер мен өлүп калсам карындашым ага чыдабайт деп ыйлады. «Ошондуктан мен канчалык кыйналсам да карындашым үчүн жашап келем» дейт.  Бирок, бул кишинин үстүндө үңкүр да болсо үйү бар, ошондуктан ал жашоосуна нааразы болбошу керек дейт башка кытайлыктар.

Мындай бөлмөдө жашаган кытайлыктар миллиондоп саналат. Бул видеодо өнүккөн Гонконгдогу чыныгы жашоону көрсөңүз болот:

https://youtu.be/sFlI-gtvKfI

Андыктан, жаратылышы, климаты бейиштей болгон жерибизге, ар бир аткан таңга жана ээн-эркин басып, кысылбай жашаган жашообузга, кытайлардай курт-кумурска жебей, табигый тамактар менен азыктанып атканыбызга, күнөстүү Кыргызстанда жашап жатканыбызга миң мертебе шүгүр айтышыбыз керек.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button