Коом
Кыргызстанда 158 бала коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда 158 бала коронавирустан айыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, бардык мезгил ичинде COVID-19 инфекциясы 200 баладан аныкталган. Алардын оорусу симптомсуз өтүп, балдардын абалы жакшы болгон.
Эскерте кетсек, акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 74 коронавирус инфекциясы аныкталды. Жуктуруп алгандар акыркы суткада Ош облусунда көп катталган.
Abal.kg