Коом

Бишкекте маршруткалардын жол киреси 20 сомго чыктыбы? (видео)

Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда маршруттун айдоочулары өз билемдикке салып, жол кирени 15 сомдон 20 сомго көтөрүп жатышат,- деген автор «Элдик репортерго» видео тартып жөнөткөн.

“Өкмөт жол кирени көтөргөн жок, өзүлөрү көтөрүп алышкан. Ансыз деле кыйналып жаткан элди кыйнашып. 20 сомдон бербесеңер жүрбөйбүз деп жатышат. Посттон өткөндөн кийин элди жык-жыйма кылып салып алышат. Бишкек шаарынын мэри көзөмөлгө алышын суранабыз”, — деп ачууланган автор.

Видеодо ашыкча акча бербейм деген жүргүнчүгө  айдоочу маршруттук унаасын айдабай койгонун көрүүгө болот. Унаанын салонунда элдин  нааразычылыгы да болгон.

https://www.facebook.com/100018367511755/videos/583711912251054/?t=69

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button