Уят сөздөр менен сөгүнгөн милиция кызматкери мас абалында болгонбу (видео)

Тасманын авторунун пикиринде тартип сакчысы мас абалында болгон.
Социалдык тармактарда уят сөздөр менен сөгүнүп жаткан милиция кызматкеринин видеосу тарап жатат. Тасманы жаш жигит телефонуна тартып алган. Ал милиция кызматкерин мыйзамсыз кармадыңар деп, унаасындагы адамды бошотуусун талап кылган. Формачан адам аны сөгүп жиберген деп жазат Vesti.kg маалымат борбору.
Офицерден спирт ичимдиги жыттанганын байкаган жаранга тартип сакчысы «Эмне, мага арак куюп койдуң беле, бар, жүз грамм ичип келчи», — деп жооп берген.
Видеонун автору укук коргоо органынын автору мас абалында деп болжогон. Жаран менен милиция кызматкеринин ортосундагы чыр эмне менен аяктаганы жана видео кайдан тартылганы да белгисиз.
«Куюп койдуң беле эмне?» Милиция кызматкери жаранды сөгүп, андан соң ага спирт ичимдигин ичип келүүнү сунуштаган.