Коом

Спикер Дастан Жумабеков улакчы Кушчубай Илис уулуна унаа белек кылды (видео)

Спикер Дастан Жумабеков «Ынтымак» командасынын улакчысы Кушчубай Илис уулуна автоунаа белек кылды. Бул тууралуу спикер Instagram баракчасына жарыялады.

Анда төрага 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бири Илис уулуна Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа тартуулаганы айтылат.

«Төрага Дастан Жумабеков эл аралык класстагы спорт чебери, жаш улакчыга ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалады», — деп жазылган.

Унаанын ачкычын Бишкекте, Жогорку Кеңештин имаратынын жанында тапшырганын көрүүгө болот.

https://www.instagram.com/p/CBFqKgzA-bG/

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button