Окуялар

Бостериде пляжга ит алып келген аял административдик жоопкерчиликке тартылды

Ысык-Көл облусунун милициясы Бостери айылындагы пансионаттардын биринин коомдук пляжына ит алып келген аялды административдик жоопкерчиликке тартты.

Ысык-Көл облусунун ИИБинин маалыматына ылайык, 25-июнда Instagram социалдык тармагында эс алуу жайындагы пляжда тартылган видео жарыяланган. Анда эс алып жүргөн жаран аялга пляжга ит алып киргенине байланыштуу эскертүү жасап, бул жерде чоңдор гана эмес, балдар да жуунарын айтып, коомдук жайдагы жүрүм-турум эрежелерин сактоону эскерткен. Андан кийин эки тараптын ортосунда сөз талашуу болгон.

Бул видео социалдык тармактарды мониторинг кылуу учурунда милициянын кызматкерлери тарабынан аныкталган. Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн кызматкерлер ыкчам текшерүү жүргүзүп, окуя болгон жерди аныктап, посттун автору менен байланышып, катышуучуларды суракка алышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында пляжга ит алып келген аялдын өздүгү такталып, ага карата Кылмыш-жаза кодексине ылайык административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button