Коом

Кара-Балтада Япон технологиясынын негизинде заманбап полигон курулат

Кара-Балта шаарында жаңы санитардык катуу тиричилик калдыктары полигонун куруу боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кеңешмеге министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, жергиликтүү бийлик, АРИС, Кара-Балта тоо-кен комбинаты жана Талды-Булак айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катышып, долбоордун негизги багыттарын талкуулашты.

Долбоордун жалпы баасы 4 млн долларды түзүп, Япониянын (JFJCM) гранттык колдоосу менен ишке ашырылат. Натыйжада заманбап экологиялык жана санитардык стандарттарга жооп берген, «Фукуока» япон технологиясынын негизинде жаңы полигон курулат.

Жолугушууда полигон куруу үчүн жер тилкесин тандоо, муниципалитеттер аралык кызматташуу жана айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоо маселелери каралды.

Министрлик долбоорду ишке ашырууну толугу менен координациялоого жана колдоого даяр экенин билдирди.

«Кара-Балта шаары заманбап жана коопсуз полигонго муктаж. Бул шаар менен ага чектеш айылдардын тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана экологиялык кырдаалды оңдоо багытындагы маанилүү кадам болуп саналат», — деди Жеңиш Сейдалиев.

Тектеш кабарлар

Back to top button