Маданият

Ала-Тоо аянтында музыкалык кечелер өтүүдө

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында музыкалык кечелер уланууда. Бул тууралуу Муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 26-июнда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында «Семетей» ыр жана бий ансамбли менен «Акак» комузчулар ансамбли өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Кеченин программасында элдик күүлөр, комузда кол ойноткон виртуоздук аткаруулар, вокалдык номерлер жана кыргыз маданиятынын байлыгын чагылдырган улуттук бийлер орун алат.

27-июнда саат 19:00дө музыкалык эстафетаны «Доор» жана «Кыргыз Руху» фольклордук ансамблдери улантышат.

Көрүүчүлөр үчүн кыргыз элинин руханий мурасын чагылдырган салттуу чыгармалар, ошондой эле элдик чыгармачылыктын заманбап багыттагы аткаруулары тартууланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button