Коом

Кордолгон аял күйөөсүн кечирип, милицияга тосмо арыз жазды

Күйөөсүнөн кордолуп, мойнуна дөңгөлөк байлап мазактаган аял аны кечиргенин айтып, тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын маалымат катчысы билдирди.

«Жабырлануучу аялдын арыз жазганына карабай тергөө иштери уланууда. Иш тергелип бүткөн соң сотко өткөрүлөт. Шектүү Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта аялынын мойнуна дөңгөлөктөрдү илип, үстүнөн суу куюп, уруп жаткан эркектин видеосу тараган. Жабыркаган келиндин жазган арызынын негизинде ал киши кармалып, райондук соттун чечими менен  суткага камакка алынган эле. Ага Жоруктар кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуя 8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Камакка алынган кишинин 52де экени айтылган.

Ал эми бул окуяны Өкмөт атайын көзөмөлгө алганы да маалымдалган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button