Канат Хасанов “Чоң казаттан” чыкканын билдирди

Адвокат Канат Хасанов “Чоң казат” кыймылынан чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына комментарий жазды.
“Мен эми “Чоң казаттын” мүчөсү эмесмин, ден-соолугум маанилүү, мен дарыланууга кетип жатам”, – деп жазган адвокат. Кийинчерээк ал адвокаттык кесибине кайтып келгендигин билдирген.
Бирок, “Чоң казат” кыймылынын лидери Максат Мамытканов бул тууралуу журналисттерге комментарий берип, Канат Хасанов “чоң казатчылардын” катарынан чыкпаганын, Түркияга дарылануу үчүн тыныгуу алганын билдирди.

Эскерте кетсек, “Чоң Казат” кыймылы Кыргызстанда карантин режими кабыл алынып, эл сыртка чыкпай отурган мезгилде аталган кыймылдын мүчөсү Сыймык Жапыкеев ашканада отуруп, ар кандай чакырыктарды таштаган мезгилден тарта коомчулукка таанымал болуп калган. Аталган кыймыл коомчулукта ар кандай сын-пикирлер айтылууда.
Abal.kg



