Климаттын өзгөрүшү Жердин айлануусун жайлатууда

Жердин айлануусу климаттын өзгөрүшүнөн улам полярдык муздардын эришинен жайлап жатат. Бул сутканын узактыгын ар бир жүз жылда 1,33 миллисекундга көбөйтүүдө. University of Vienna менен ETH Zurich окумуштууларынын изилдөөсүнө ылайык, бул акыркы 3,6 миллион жылдагы болуп көрбөгөндөй көрсөткүч. Бул тууралуу BBC Science Focus билдирди.
«Жердин айлануу энергиясындагы өзгөрүү күчү боюнча 9,0 магнитудалуу жер титирөөгө барабар», — деди изилдөөнүн жетекчи автору Мустафа Киани Шахванди.
Изилдөөнүн тең автору Бенедикт Соя мындай өзгөрүү үчүн болжол менен 1000 гигатонна массаны кайра бөлүштүрүү талап кылынарын белгиледи.
Анын айтымында, бул Нью-Йорк шаарынын үстүндө бийиктиги 10 чакырым болгон муз кубуна барабар көлөм. Ошондой эле ал: «Адамзаттын Жер системасына тийгизген таасири ушунчалык терең болуп калды, эми биз Жердин айлануу табиятын да өзгөртүп жатабыз», — деп айтты.
Окумуштуулар глобалдык жылуулуктун планетанын айлануусуна тийгизген таасирин «шарттардын идеалдуу айкалышы» деп аташты. Мындай көрүнүш болжол менен 2 миллион жыл мурда да болгон: морт муз калкандары жана көмүр кычкыл газынын (CO₂) табигый көбөйүшү кеңири масштабдагы муз эришине алып келген. Адамзаттын бир кылымдагы ишмердүүлүгү азыр ошол табигый күчтүн таасирине теңелип калды.
Божомолдор боюнча, кылымдын аягына чейин климаттын өзгөрүшү сутканын узарышына таасир эткен негизги фактор болуп, Айдын тартылуу күчүнүн таасиринен да ашып түшөт. Бул өзгөрүүлөр GPS сыяктуу өтө так убакыт синхрондоштуруу системалары үчүн өзгөчө маанилүү.
Мурунку изилдөөлөргө ылайык, мөңгүлөрдүн эриши Жердин формасын өзгөртүп, аны көбүрөөк жалпак кылып, массаны уюлдардан экватор тарапка жылдырган. Ошондой эле 2024-жылы окумуштуулар бул процессти кылымдын аягына чейин сутканын узактыгынын 2,62 миллисекундга көбөйүшү менен байланыштырган.
Ал эми World Meteorological Organization уюмунун акыркы баяндамасына ылайык, 2025-жылы Жердин энергетикалык тең салмаксыздыгы байкоолор тарыхындагы эң жогорку деңгээлге жеткен.



