Окуялар

“Sushi Room” ресторанына айып салынды

Коомдук жайлардагы тартипти камсыздоо жана жарандардын ден соолугун коргоо максатында Биринчи Май районунда тынчтык Мыйзамын сактоо жана тамекиге каршы мыйзамдардын аткарылышын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейд Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана райондук ИИБ кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө кафе, ресторан жана ресто-барлар текшерилди.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө 15 эс алуучу жайлар текшерилди. Текшерүүнүн натыйжасында санэпидем көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан “Sushi Room” ресторанына карата 50 000 сомдук административдик протокол түзүлдү, ошондой эле Биринчи май райондук ИИБ тарабынан жеке жактарга карата жалпы 9000 сом суммасына тамеки чеккендиги үчүн 3 административдик протокол түзүлдү.

Кардарлар жана мекемелердин кызматкерлери менен тамекиге каршы Мыйзамдын жана тынчтык Мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана жарандар үчүн коопсуз шарттарды түзүү максатында мындай рейддик иш-чаралар улантыларын эскертебиз.

Тектеш кабарлар

Back to top button