Коом
Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттады

31-майга карата баалар төмөнкүдөй:
Аи-92 — 78,9 сом (жума күнгө салыштырганда 0,5 сомго кымбат);
Аи-95 — 84,9 (+0,5 сом);дизель майы — 92,8 (+1 сом).
Эске салсак, апта башында өкмөт күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн импортчуларга субсидия берүүнү чечкен.
Ага ылайык, сатып алынган баа менен сатылган нарктын айырмасын министрлер кабинети төлөп бермекчи болгон.



