Коом

«Анар-Бак» конушуна №36 автобус каттамы каттай баштайт

Бүгүн, 30-майдан тарта Бишкек шаарында №36 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүү киргизилип, «Анар-Бак» конушу камтылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул чечим аталган конуштун тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Белгиленгендей, «Анар-Бак» конушунда коомдук транспортту уюштуруу маселеси Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин Октябрь районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн.

“Шаар мэринин тапшырмасынын негизинде бул маселе ыкчам түрдө көзөмөлгө алынып, тургундардын кайрылуусу кыска мөөнөттө аткарылды”- деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button