Невролог ач карынга кофе ичүүнүн зыяны тууралуу эскертти

Инна Филатова, Пирогов университетинин неврология кафедрасынын доценти, «Газета.Ru» басылмасына берген маегинде, өзгөчө уйку жетишсиз болгондо жана өнөкөт стресстин шартында ач карынга кофе ичүүнүн терс таасирлери тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, кофеин стресс гормону болгон кортизолдун деңгээлин жогорулатат. Бул нерв системасына, жүрөк-кан тамыр системасына жана жалпы организмге таасирин тийгизет.
Кофенин мындай таасири аны ач карынга ичкенде, уйку канбаганда, стресс учурунда же көп өлчөмдө колдонгондо өзгөчө күчөйт. Айрым адамдарда бул тынчсызданууну күчөтүп, жүрөктүн бат согушун (тахикардияны) пайда кылышы, вегетативдик нерв системасынын ишин начарлатышы, уйкунун сапатын төмөндөтүшү жана өнөкөт стрессти күчөтүшү мүмкүн.
Ошондой эле кофеин организмдин ар кандай таасирлерге ыңгайлашуусуна жооп берген гипоталамус-гипофиз-бөйрөк үстү бездери системасына кошумча күч келтирет.
Мындан тышкары, кофеин шакый (мигрень), тынчсыздануу бузулуулары жана уйку көйгөйлөрү бар адамдардын абалын начарлатышы мүмкүн.



