Коом

Казакстанда той өткөрүүгө беш жылга тыюу салууну сунуштап атышат. А Кыргызстанда кандай?

Казакстандагы Abai.kz маалымат порталына Актөбөдөгү  мугалимдер, жарандар, коомдук ишмерлер  ар кандай шаан шөкөттү, тойду беш жылга токтотуп, мораторий жарыялоону сунуштап жатышат. Коомдук ишмер Оралбек Отегулов Казакстандагы тойлор тууралуу төмөндөгүдөй пикирин калтырган:

«Коронавируска байланыштуу бир топ шаарларда  ар кандай иш чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок ага карабай Казакстандагы ресторандын кожоюндарды, артисттер  той өткөрүүгө уруксаат берүүсүн суранып атышат. Алардын айтымында бир айда булар 10-15 миллион тенге табышат экен. Дүйнөдө пандемиядан кийин жашоо өзгөрөт деп айтылып жатат.  Ушундай кырдаалдан пайдаланып биз да чоң тойлорду, иш чараларды өткөрүү  тууралуу маселени  карап чыгышыбыз керек.  Казакстандын белгилүү коомдук ишмери Ахметбек Нурсила той-бизнесте акча тапкан артисттерди «чегирткелер»  деп атады. А  мен андай артисттерди «паразит» деп айткым келет. Ушулар элдин канын соруп бүтүштү, той өткөрөбүз деп канча адам кредит алышты, бири-бирине атаандашып.

Ушундай «паразиттерди» коомдон тазалаш үчүн тойлорго беш жыл мораторий жарыялаш керек. Бул той-бизнестин өсүүсүн токтотмок. Анын ордуна башка пайдалуу  нерсе өнүп чыкмак. Биздин президент Токаев өзү айтпадыбы, тойлорду өткөрүү форматын карап чыгышыбыз керек деп.  Азыр канчалаган жаштар үйлөнүү тоюн өткөрө албагандыгы үчүн  бойдок жүрүшөт.  Чоң үйлөнүү үлпөтүн өткөрбөй деле бактылуу жашап жаткан жаш үй-бүлөлөр бар.  Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө үйлөнүү тоюн 15-20 кишиге эле белгилешет, ашып кетсе 30 киши келет. Канчалаган миллионерлердин үйлөнүү үлпөтү жөнөкөй эле өтөт.

Биз үчүн той – бул болгону психологиялык фактор. Көпчүлүк жаштар чоң той өткөрүүнү деле каалашпайт, алар традицияга жана  улуу муунга баш ийишет.  Карантиндеги үч айда биз үйдө отуруп тойсуз эле байланышып, мамилебизди сактап келе жатабыз.  Демек, тойлорсуз эле жашасак болот экен да. Тойлорго кеткен канчалаган акчаларыбыз өзүбүздө сакталып калды.  Пандемия баардык нерсеге башкача кароого үйрөттү.  Азыр тойлордон таптакыр баш тартууга сонун мүмкүнчүлүк  болуп турат.

Ошондуктан  той  жана ар кандай иш чара, оюн зоокторду өткөрүү тууралуу жаңы мыйзам  кабыл алуу  керек.  Мыйзамга тойго, үйлөнүү үлпөтүнө келчү коноктордун санын чектеп,  50 кишиден ашырбаш керек. Той жана ар кандай оюн зоокторду өткөрүүгө тыюу салынышы керек. Ошондой эле  ресторандын кызматкерлеринин акчасын көбөйтүп, ырдаган музыканттардын каражатын азайтуу шарт. Ал эми тойду алып барган тамада менен ырчылар тапкан гонорарынын 50% ын салыкка төлөшү керек.  Албетте, азыр ушунун баарын чечүү татаал, бирок чечкиндүү  чечим кабыл алынышы керек, — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда деле шундай маселе курч. Тойго, ысырапкорчулукка карата биздин портал бир эмес бир нече материал чыгарган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button