УКМК: Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгында эч кандай даттануусу жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы боюнча маалымат таратты. Анда учурда УКМКнын тергөө абагында отурган Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык экенин, ден соолугуна байланыштуу эч кандай даттануусу жок экени айтылган.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта дарыгерлер Атамбаевге күнү-түнү көзөмөл кылып жатканы белгиленген.
Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча бүгүн, 16-июнда уланган териштирүүдө сот УКМКдан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жараянга алып келүүнү талап кылган. Адвокат Замир Жоошев Атамбаев саламаттыгына байланыштуу сотко катышуудан баш тартканын билдирген.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган.
Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. 10-июнда бул кылмыш ишинде шек саналган дагы 13 кишинин иши сотко жиберилген.
Abal.kg



