Саясат

Мухаммедкалый Абылгазиев: Элиме башымды ийип, ыраазычылыгымды билдирем (ВИДЕО)

“Мен элимдин күйүмдүү, бирине-бири кайрымдуу, тартиптүү, кыраакы пейилине  ыраазы экендигимди элиме башымды ийип билдирип кетем”- деди өз каалосу менен отставкага кеткен Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен  жолугушуу учурунда. 

“Биринчи күндөн тартып эле Президентибиздин колдоосун  кыйын учурларда, Өкмөткө карай негиздүү жана негизсиз сындар айтылган учурларда сезип турдук. 

Жогорку Кеңешке, Жогорку Кеңештин спикери Дастан Артисбековичке, Коалициянын лидерине, фракциялардын лидерлерине, бизди колдогон депутаттарыбызга терең ыраазычылык билдирем, бизге дем-күч берип, мыйзамдарды кабыл алып берип, саясий маселелерди колдоп берип, 2 жылдан ашык иштегенибизде алардын да салымы бар,-” деди ал.

Эске салсак, 15-июнь күнү Мухаммедкалый Абылгазиев премьерликтен кетүү боюнча арызын жазган..

Ал эми бүгүн парламентте көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка мурдагы биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун талапкерлигин сунуштап, колдоого ээ болду.

https://youtu.be/MabfjBot2Zg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button