Коом
Казакстанда да абал оор. Парламенттин спикеринен коронавирус табылды

Коңшу Казакстан парламентинин спикери Нурлан Нигматулин коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.
ММК булактары жазган маалыматка караганда, ага илдеттин жеңил түрү жуккан. Ошол себептүү учурда обочолонуп, бирок аралыктан иштеп жатат.
«Спикер карантин шарттарын катуу сактап, бир айдан бери аралыктан иштеп жаткан. Жадакалса эч ким менен байланышпаганга аракет кылчу. Бирок акыркы ирет өкмөттүн пленардык жыйынына катышкан», — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле анын ар бир жыйын алдында коронавируска тест тапшырып жүргөнү кошумчаланды.
Бүгүнкү күндө Казакстанда вирус жуктуруп алгандардын саны 15 миңден ашып, алардын ичинен 88 киши каза болду.



