Коом

Кыргызстанда коронавирус 132 кишиден аныкталды. Бир жаран каза тапты

Республикалык ыкчам штабда 19-июнга карата эпидемиологиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттин башкы санитардык врачы Нурболот Үсөнбаев статистикалык маалымат берди.

Башкы санитардык врачтын айтуусуна караганда акыркы бир сутканын ичинде 28 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Жалпысанан айыккандардын саны 1961 адамга жетти, бир бейтап каза тапты деп билдирди Нурболот Үсөнбаев. Ошол эле учурда дагы 132 жаңы бейтап катталды, деп айтты министрдин орунбасары.

Жуктургандары аныкталгандардын саны — 2789 адамды түздү.

Ал эми ушул 132 учурдун ичинен Бишкекке – 48 (4 учур сырттан келген ), Чүйгө – 38, Ош шаарына -13, Ош областына -12, Жалал-Абад областына — 11, Талас областына — 4, Нарын оболастына — 6 (Нарын шаарына — 5, Ак-Тала районуна -1) бейтап туура келет.

Бишкектик 70 жаштагы каза тапкан адам боюнча маалымат берип, башкы санитардык врач, бул киши Теплые ключиге бээнин сүтүн ичкени барып температурасы көтөрүлүп, ошондон соң ооруканаларга келип кайрылганын, бирок баардык медициналык дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн жумшаганга карабастан, мурдагы өнөкөт оорулары да кошо козголуп, каза таап калганын айтты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button