Коом

Лейлекте уурдалган “Хундай Портер” унаасы табылды

Лейлек районунун Лейлек аймагынын тургуну 50жаштагы К.А. өзүнүн “Хундай Портер” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын билдирип Лейлек РИИБне арыз менен кайрылган.

Бул арыз Лейлек РИИБдин Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында убактылуу жашаган Чүй облусунун Сокулук районунун 27жаштагы Р.С. аттуу тургуну Сүлүктү шаарында изин жашырып жүргөн жеринен аныкталып кармалды.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button