(ВИДЕО)Гүлзат Мамытбектин апасы ыйлап, Президентке кайрылуу жасады:»Кызымды канкордон сактап бер»

Кыргыздын деми деп аталган айтылуу Гүлзат Мамытбек буга чейин өзүнүн кордолуп, балдарынын ыйлап атканын айтып, элден жардам сурап видео кайрылуу жасаган. Ага удаа эле анын кичинекей уулу да ыйлап Президентке кайрылуу жасаган. Эми Гүлзат Мамытбектин апасы да видео кайрылуу жасаптыр.
Гүлзат айымдын апасы:
Урматтуу Сооронбай Шарипович! Мен сизге кайрылганымдын себеби, мен Гүлзат Мамытбектин апасы болом. Менин кызым балдары менен көчөдө калды. Кызым салган үйдү менин жолдошум, кызымдын атасы 5000 долларга сатып берген. Ошол күндөн ушул күнгө чейин кызымдын мурдагы күйөөсү ээлик кылып келе жатат. Кызым өзү иштеп салган, а күйөө балам анын мойнунда отурган иштебей, Гулзаттын тапкан акчасына үйдү салышкан. Ошол үйдү салып, менин кызымды ошол үйгө прописка да кылбаптыр.
Кызымды уруп-согуп, көгала койдой соет эле. Ал мыкаачы кызымдын өлөөр-тирилерине карабайт эле Ошого чыдабай кетип калган. Эми неберелеримди да кордоп атат, алар ыйлап атышат атабызга барбайбыз деп. 2015-жылдан бери кызым балдары менен квартиралап көчөдө калды.
Видеону толук бул жерден көрсөңүз болот:



