Коом
Баткен облусунда мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖРТ тапшырууда милиция кызматкерлери коштоп келишти

Баткен облус аймагында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ЖРТ болгон мектептерде 21-22-июнь күндөрү биринчи этап, ал эми 24-25-июнь күндөрү өткөрүлгөн экинчи этабында мектеп окуучуларынын коопсуздугун көзөмөлдөп, тартипти камсыздап турушту.

Баткен облус аймагында жалпысынан 8 мектепте ЖРТ өткөрүлүп, милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоо, тартип бузуулардын алдын алуу багытында иш-чараларды алып барышты.
Алыскы мектептен келген мектеп окуучуларын коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери ЖРТ өткөн мектептерге атайын коштоп келишти.

Баткен облус аймагында жалпысынан 4326 бүтүрүүчү ЖРТ тапшырышты.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



