Коом
Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Запольский эки өпкөсүнөн пневмония болуп көз жумду

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольский каза болгонун министрлик билдирди.
Жакындарынын айтымында эки өпкөсүнөн пневмония болгон. Кечээтен бери ооруканада реанимация бөлүмүндө дарыланып жатканы айтылат. Олегдин жакындары ал ооругандан баштап ыкчам телефон номерине чалып, ала албай койгон.
Олег Запольский 1981-жылы Бишкекте төрөлгөн. 2003-жылы Кыргыз-россия славян университетинин юридика факультетин аяктап, кийинки жылдан тарта эле Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттикте иштей баштаган. Былтыр январдан баштап Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп иштей баштаган.
Эскерте кетсек, Олег Запольский “Дело №” гезитинин негиздөөчүсү Виктор Запольскийдин уулу.



