Депутат Баткен окуясында жүлүнүнө ок жеген аскердин окуясын айтты: Абалы оор, апасы карап жатат…

Депутат кызмат убагында оор жараат алган аскер кызматкерлерине жөлөкпулду көбөйтүүнү сунуштады
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков парламент жыйынында Министрлер Кабинетин кызматтык милдетин аткаруу учурунда оор жараат алган аскер жана укук коргоо кызматкерлерине берилчү жөлөкпулду көбөйтүүгө чакырды.
Айтымында, учурда мындай кызматкерлер айына 30-40 миң сом алышат, ал эч нерсеге жетпейт, анткени оор жарааттан кийин узакка созулган дарылануу керек болот. А дары-дармек кымбат, ошондой эле психологдун жардамы керектелет.
“Баткен окуясында жабыркаган аскер кызматкерин алалы, ал жүлүнүнө эки ок жеген, бүгүн оор абалда. Апасы карап жатат. Ал апасынын ыйлаганын көргөндө кошо ыйлап, жашагысы келбей кетээрин айтып жатат. 30-40 миң эч нерсеге жетпейт”, — деди депутат.



