Коом
Коронавирус. Кыргызстанда 327 киши жуктуруп, дагы эки киши каза тапты

Акыркы сутканын ичинде 59 бейтап ооруканадан айыгып, дарыланып чыкты. Айыкканы 2714 адамга жетти. Кыргызстанда бүгүн дагы 327 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Бектургановна Акматова брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек шаары – 149;
- Чүй облусу – 65;
- Ош шаары – 45;
- Ош облусу – 8;
Нарын облусу – 22; - Жалал-Абад облусу – 8;
- Талас облусу – 1;
- Баткен облусу – 12.
- Ысык-Көл- 17.
Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 7 094ге жетти.
Акыркы суткада 2 бейтап каза тапты. Көз жумгандардын жалпы саны 78ге жетти.
Илдет жуктурган медиктер 71ге жетти.



