Кыйынчылыктарга карабай социалдык төлөмдөр, пенсия, жөлөк пулдар убагында төлөнүп берилет
Дүйнөлүк пандемия Кыргызстандын экономикасына да бир топ терс таасирин тийгизүүдө. Бирок, ошого карабастан өлкөдөгү социалдык жөлөк пул, пенсиялар убагында төлөнүп берилип жатат.
“Пандемиядан улам, экономиканын бардык негизги секторлорунда экономикалык активдүүлүктүн басаңдашы болду жана өлкөнүн бюджетине терс натыйжа берип, салыктын жана башка кирешелердин төмөндөшүнө алып келди. Бирок, мындай кыйынчылыктарга карабастан, социалдык төлөмдөр, пенсия, жөлөк пулдар өз убагында төлөнүп берилүүдө”, – деп билдирди Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева.
Анын айтымында, өкмөт эл аралык финансы институттарына жана донор өлкөлөргө үч багыт боюнча – бюджеттик колдоо, COVID-19 вирустун жайылышын болтурбоо жана экономиканы колдоо үчүн кайрылууга муктаж болду.



