Коом

Камчыбек Ташиев ооруканадан чыкты. “Жаша Кыргызстаным, мындан кийинки өмүрүм элдики” деди ал

Саясатчы, экс-депутат Камчыбек Ташиев ооруканадан чыкты. Бул тууралуу, ал Фейсбуктагы  баракчасы аркылуу билдирди.

”Урматтуу Кыргыз калкым!
Биз бүгүн ооруканадан чыктык, эми калган дарыланууну үйдөн улантабыз.
Элимдин дубасы, ак тилектери, Аллахымдын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды!
Миңдеген адамдардын телефон, ватсап жана башка суроолоруна, каалоолоруна жооп бере албадым, туура түшүнүңүздөр, баарыңыздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды.
Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы жоокеримин!
Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта жеңебиз!” – деп жазды ал.

Эскерте кетсек, бир нече күн мурун Камчыбек Ташиев жана анын жубайы эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button