Саясат
Садыр Жапаров Бурса шаарындагы “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалына барды

Президент Садыр Жапаров Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарынын алкагында Бурса шаарындагы (Түркия) “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалына барды. Жапаровго жана биринчи айым Айгүл Жапаровага күмбөздүн Ардактуу кароолунун курамын алмаштыруу аземи көрсөтүлүп, андан соң алар “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалы менен таанышты.
Осман гази Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү, 1258-1326-жылдары жашаган. 1326-жылы Бурсаны каратып алгандан кийин Орхан гази атасы Осман газинин керээзин аткарып, күмбөзгө койгон.
@user2



