Коом

Жапжаш кыздын убалы уктатпасын!.. Гүлзат Ормонбекова «жашыл» зонадагыларды катуу күнөөлөдү

Эсиңерге сала кетсек, кечээ 21 жаштагы ыктыярчы, Кыргыз мамлекеттик И. Ахунбаев атындагы медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекова коронавирустан көз жумган.

Биздин Москвадагы жердешибиз, медик, 19-майда ыр менен «Жигиттерге шерменде кат» жазып, «боозуп калган», «килтиңдеген» жигиттерди катуу каргаган Гүлзат Ормонбекованын ысымы Интернет айдыңа кеңири тараган. Андан кийин акын-медик айым курч ырлары менен интернет-коомчулуктун көңүлүн буруп келет. Жердешибиз Адинай Мурзабекованын жапжаш бойдон көз жумганына «зеленый» зонада олтургандарды катуу күнөөлөп, кызга ыр арнады.

Башкаларга жарык кылып,өзү өчкөн,
Баасы канча жаш өмүрдүн күйүп кеткен?
Кечиргиле, биздей карт коллегаңды,
Жаш өмүрлөр…жылт эткен бийик чектен …

Убалыңды кимдерге чектейли эми,
Атын өчкүр апаатты жектейли эми.
Өлбөстүккө айланган өмүрүңдү,
Арчадайым…ар убак эстейли эми…
Кечир бизди жаш өмүр?…

Адинай Мурзабекованын жаркын элесине арнайм.

Гүлзаттын «зеленый» зонада олтургандарды күнөөлөгөн посту:

Заведующийлер, главврачтар зеленый зонада олтурушуп алышып, жогорку суммадагы айлык акыны алышат.
Бул мен билген, көзүм көргөн чындык. Бизде да бир заведующий басып кирген жок красный зонага, главврач жөнүндө вообще молчу!!
Ал эми иштегендер — катардагы врач, медсестра, санитарка! Красный зонада ушулар!
Студент кызды врач катары иштетүү туура эмес! Демек,биринчи катарга студенттерди коюп, тажрыйбалуу дарылоо жок үчүн да результаттар жокко эсе болуп, өлүм ошондон көптүр, балким!
Экинчиден, жапжаш кызды «сактанбаган», деп өзүнө айып жаап, жоопкерчиликтен кутулуп кетүү, силер үчүн текей тергенден да арзан иш! Тем более, договор жок иштеткенсиңер! Это было выгодно для вас!..
Жапжаш кыздын убалы уктатпасын!..
P.S. Эл Баатыры берилүүсүн сурайм!..

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button