Тамчы айыл аймагында “Көңүлдүү үй-бүлө жарыштары” болуп өттү

Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнүн Тамчы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Догдурбай кызы Элнура терең түшүнүү жана мекендештерине болгон сый-урматы менен өз каражатын жумшап, ушул эле айыл аймагында «Көңүлдүү үй-бүлө жарыштары» иш-чарасынын уюштуруу милдетин өз мойнуна алды.

Иш-чара үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана активдүү жашоо образын колдоого багытталган. Чынында эле, Элнура өзүнүн ички дүйнөсүндө ар бир жашоочуну жалпы максаттар жана идеалдар менен бириктирилген үй-бүлөнүн бир бөлүгү катары көрүп келет.
Тескөөчү тарабынан уюштурулган иш-чара жаш балдардан курактагы адамдарга чейин көптөгөн жергиликтүү тургундардын башын бириктирди. Катышуучулар спорттук оюндар, эрудициялык жана чыгармачылык сынактар боюнча күч сынашып, ошону менен сергек жашоо образын жана бекем үй-бүлөлүк байланышты сактап калышты.
«Көңүлдүү үй-бүлө жарыштары» аталышындагы иш-чара Элнура үчүн үй-бүлөлүк баалуулуктарды балоо гана эмес, ошондой эле ички акылмандыгын жана дүйнөсүн жергиликтүү тургундар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк болду. Анын кыраакылыгы жана жылуу мамилеси бул иш-чарада кубанычтын, боорукердиктин жана өз ара түшүнүшүү атмосферасын түзүүгө жардам берди.
Милициянын улук лейтенанты Догдурбай кызы Элнура аталган иш-чарага колдоо көрсөтүп, катышкан бардык катышуучуларга, кесиптештерине жана айыл аймагынын өкүлдөрүнө терең ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле бардык кызыкдар тараптарды үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөдө жана коомдо мындан да чоң биримдикти түзүү үчүн мындан ары кызматташууга чакырат.
Догдурбай кызы Элнура – жеке эле милиция кызматкери эмес, өзүнүн мекенинин бейпилдиги, ынтымак-ырашкерлиги үчүн жан дүйнөсү толгон инсан.



