Экс-министр Космосбек Чолпонбаевдин пандемияга чейинки маеги (ВИДЕО)

Бул маек Космосбек Чолпонбаевдин Саламаттыкты сактоо министри болуп турганда, февраль айында Би-Би-Сиге сүйлөгөн учуру экен.
Эгер ошол учурда вирус менен күрөшүү жетиштүү деңгээлде жүргөндө, бүгүн минтип оор күндөрдү баштан өткөрбөйт элек деген ой ар бирибизде бар. Чолпонбаев маегинде министрлик тарабынан өлкөгө кирип жаткан бардык жарандар тепловизордун жардамы менен текшерилип, шектүү учурлар катталса, аларды 2-4 күндүн аралыгында обсервацияда кармап, тиешелүү иштерди жасап, анализдерди тактап, таза чыккандарды үйлөрүнө кетирип жатыптыр.
Булар тууралуу ЖМКлар дагы маалымат беришкен ошол учурда. Азыр экс-министр кызматта турган учурда тиешелүү иштер аткарылганын, ал тургай айрым учурларда чукул чечим кабыл алууга туура келип иштегенин айтыптыр.
Эске сала кетсек, Финполиция тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым кызмат ээлеринин кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталгандыктан мурдагы Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылган.
Чолпонбаев азыр пневмония болуп ооруп, дарыланып жатканы айтылууда. Коомчулуктун жана укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп берип, өз чындыгын далилдеш керек.



