Коом

Журналист Аслан Сартбаев: «Катындын акылы кыска» десе этибар алчу эмес элем, Ассоль акмак экенин көрсөттү

Ассоль Молдокматова жакында Чеченстан республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдон жардам сурап, видео-кайрылуу жасаганы коомчулукта  бир топ талкуу жаратууда. Ага чейин Россиянын президенти Владмимир Путинге да жардам сурап кайрылганы көпчүлүктүн кыжырын келтирген.

Молдокматова Рамзан Кадыровго кайрылуусунда 1944-жылы чечендер куугунтукка алынганда Кыргызстан менен Казакстандын эли чечендерди кабыл алып, жардам  бергенин эскертип, эми сиз да бизге жардам бериңиз деген. Ал Кыргызстанда дары дармек, СИЗ кийимдери,  профессионал дарыгерлер жетишпей жатканын баса белгилеген.

Молдокматованын кайрылуусуна көпчүлүк  кыжыры келгенин жазып,  ал кыргыз элин кемсинтип атканын сыпатташууда.

Ал эми белгилүү журналист  Аслан Сартбаев Ассоль Молдокматованын бул кайрылуусуна Фейсбук баракчасына өз пикирин жазган.

“Кыргыздын намыстуу уулдары бар… Бирок, Ассоль Молдокматова хайп кармап, Путинден, Рамзан Кадыровдон жардам сурап, паска түшүп атат. Кыргыз мууну өлбөйт, түгөнгөн сайын түтөйт, көбөйөт. Эгер биз өлүп баратсак дагы башка улуттан жансоого сурабайбыз, таш жазданып кете беребиз. Бир башта өлүм бар. «Катындын акылы кыска» десе этибар алчу эмес элем, Ассоль акмак экенин көрсөттү!”- деп жазды.

Эскерте кетсек, Ассоль Молдокматова Кыргызстандагы карылар үйүнөн улгайган чечен улутундагы карыян Данга Битаевди өз мекенине жеткирүү үчүн Рамзан Кадыровго кайрылуу жасаган эле. Рамзан Кадыров Ассоль айымга чакыруу жиберип, аны сыйлап, колуна 30 миң доллар карматып, артынан бриллиант салып жибергенин Молдокматова өзү коомчулукка жарыялаган.

Арадан көп өтпөй Чеченстандагы белгилүү бир маалымат булагы Ассоль Молдокматова тууралуу иликтөөнү жарыялап, Инстаграмм баракчасында Ассоль айымга чечендердин кыжыры келгенин баяндаган (ВИДЕО)

https://www.instagram.com/tv/CCWty5mII_8/?utm_source=ig_web_copy_link

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button