Саясат

Кубатбек Боронов жана Беларустун Премьер-министри Роман Головченко актуалдуу маселелерди талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.  Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасы Беларусь Республикасы менен достук жана өз ара кызматташтык мамилелерине чоң маани берет. Тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана аны мындан ары активдештирүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигине ишенем», — деп билдирди Өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов жолугушуу учурунда беларусиялык өндүрүштөгү зарыл болгон дары каражаттарын ташууга Кыргыз Республикасы кызыкдар экенине басым жасады.

Жолугушуу Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында ишке ашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button