Коронавирус. Ооругандар азайып, айыккандар көбөйүүдө (Статистика)

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 1 047 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй, Ысык-Көл облустарында. Өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 23 343кө жетти.
Ал эми өлкө аймагы боюнча 668 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Алардын ичинен аймактар боюнча:
Бишкекте — 118,
Ошто — 80,
Чүй облусунда — 82,
Ош облусунда — 50,
Талас облусунда — 24,
Нарын облусунда — 15,
Ысык-Көл облусунда — 157,
Жалал-Абад облусунда — 115,
Баткен облусунда — 27.
Жуктургандардын арасынан 20 киши медицина кызматкерлери.
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 34 512ге жетти. Анын ичинен 23 343 киши ооруну жеңип, айыгышты.
Кечээтен бери коронавирус 18 кыргызстандыктын өмүрүн алды. Ушуну менен аталган вирусту жуктуруп алып, көз жумгандардын саны 1 347ге жетти.



