Бишкекте илдет жуктургандар азайып, стационарлар жабылууда

Борбор калаада сыркоологондор азайгандыктан, медиктерге кайрылгандардын саны кыскарып, күндүзгү эки стационар жабылды. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ калаадагы күндүзгү стационарлар 1 176 адамды кабыл алса, түнкү стационарлар 192 бейтапка жардам көрсөткөн.
“Чыгымдарды оптималдаштыруу жана адам ресурстарын күзгү-кышкы мезгилге сактоо үчүн жарандар өтө аз кайрылып жаткан “Сейтек” мектебиндеги жана “Салтанат” ресторанындагы стационарлар жабылды. Ал эми № 95-мектептеги жана «Жал» кичи районундагы дарылоо мекемеси эртең ишин токтотот. Алар запаста болуп турат, кокустан зарылчылык жаралса дароо кайра ачылат”, — деп айтылат маалыматта.
Калган 12 стационар штаттык режимде иштей турганы белгиленди. Эртең мененки саат 8.00дөн кечки 20.00гө чейин алардан медициналык жардам алууга болот. Түнкүсүн эки стационар иштейт.



