Коом
1-турдун жыйынтыгы боюнча 22 миңден ашуун абитуриент колледждерде окуу үчүн өтүнмөлөрдү тапшырышты

1-турдун жыйынтыгы боюнча КР БИМ тарабынан атайын иштелип чыккан системада https://spuz.edu.gov.kg/ 22 070 өтүнмө катталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
3-августтан баштап колледждер окууга тапшыргандардын тизмесин жарыялай баштайт.
3-6-августта – абитуриенттер окууга кабыл алууну каалоосун тастыкташы керек.
Окууга тапшыруучулардын коопсуздугун камсыздоо жана массалык чогулуусун алдын алуу максатында колледждер 3-августтан тартып окууну каалоосун тастыкоо үчүн окууга тапшырган абитуриенттерге телефон чалышат.
Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жайга окуу жылдын башында бериши керек.



