Пандемияга карабастан калкты таза суу менен камсыз кылуу иштери токтогон жок

Ушул тапта өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык тутумдарды жакшыртуу боюнча улуттук программалардын алкагындагы долбоорлор, пандемиядан улам пайда болгон экономикалык кыйынчылыктарга карабастан ишке ашырылууда.
Алардын бири, АРИСтин Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун (ПУРСВС) алкагында Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылын таза суу менен камсыз кылуу долбоору.
Өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган айылды таза суу менен жабдуу тутумунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
«Коронавирус илдети пандемиясынын кесепетинен өлкө туш болгон экономикалык кыйынчылыктар калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбейт», — деп баса белгиледи Президент.
Долбоордо узундугу 9500 метр суу түтүгүн орнотуу, 150 метр тереӊдиктен суу чыгаруу, суу топтолуучу жай (резервуар) куруу жана электр зымдарын тартуу, электр трансформаторун орнотуу, жергиликтүү мектептин ички санитардык курулмаларын реабилитациялоо каралган.
Ошондой эле, ушул тапта долбоор үй кожолоктурдын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу боюнча маалымат-билим берүү иш-чараларын жүргүзүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында долбоордун бүткөрүлүшү менен айылдын 2 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот.



